Иштин максаты жана актуалдуулугу 


Мы поможем в написании ваших работ!



ЗНАЕТЕ ЛИ ВЫ?

Иштин максаты жана актуалдуулугу

Поиск

Иштин максаты: DVD дисктерди интернет аркылуу жаюу. “Cinemax” аттуу компаниянын сайтын иштеп чыгуу.

Долбоордун ишке ашуусу компанияга тиешелүү төмөнкү максаттарга жеткирет:

· Реклама – сайт компаниянын имиджи. Сайт аркылуу компания элге таанымал болуу ыктымалдуулугу көп.

· Дисктердин базасын түзүү – компания үчүн электрондук каталог жүргүзүү көптөгөн жеңилдик алып келет.

· Жаңы кардаарларды ишке тартуу

· Дүң соода кылуучу заказчиктердин санын көбөйтүү

· Сунушталган кызматтардын чөйрөсүн кеңейтүү

· Кызматчылар, студиянын иштери жөнүндө мааалыматты сунуштоо

Долбоор сайт болгондуктан интернет жок иштебейт.

Иштин актуалдуулугу:

Азыркы учурда Кыргызстанда дисктерди интернеттен заказ кылып алуучу сайт жок. Башка өлкөлөрдө айтылып жаткан сайттын түрлөрү көп. Алар функционалынын түрдүүлүгү менен айырмаланат. Бирок мен байкагандай, баардык сайттын дизайны колдонуучуну ыраазы калтырбайт. Колдонуучу интернетке байлануу болсо, үйдө эле отуруп, дисктерди тандап алып заказ кылууга жана фильмдерди көрүүгө, көчүрүп алууга баардык шарттар түзүлөт. Баардык функцияларды аткарууга жеңил, ыңгайлуу жана жагымдуу интерфейс сунушталат.

 


 

1. Интернет дүкөн: иштөө принциби жана колдонулушу

1.1 Интернет дүкөндүн жалпы схемасы

Интернет тармак аркылуу сатып алуучу браузердин жардамы менен интернет дүкөндүн веб-сайтына кирет. Сайт товарлардын каталогун (издөө мүмкүнчүлүгү менен) жана каттоо маалыматын киргизе турган керектүү интерфейстик элементтерди, заказ түзүүнү, интернет аркылуу төлөм ашырууну, жеткирүү түзүүнү, компания жөнүндө маалымат алууну көрсөткөн электрондук витринаны камтыйт.

Интернет дүкөн төмөнкү типтүү модельдин функционалдык бөлүктөрүнөн турат:

· товарлардын каталогу

· издөө системасы

· кутуча

· каттоо формасы

· заказды жөнөтүү формасы

Товарлардын каталогу жөнөкөй жана түшүнүктүү түрдөө товарлардын иретөөсүн ишке ашыра турган татаал жана көп деңгээлдүү берилиштер структурасындай көрсөтүлөт. Мындай каталогту жогорку деңгээли бөлүмдөрдүн тизмесинен турган дарак түрүндө көрсөтүү эң жөнөкөй. Бөлүмдөр бөлүмчөлөрдү же конкреттүү товарга шилтемелерди камтышы мүмкүн. Ушундай иреттөө ыңгайлуу жана бат издөөгө жана товарларды заказ кылууга эң зарыл.

Издөө системасы динамикалык каталогтун милдеттүү элементи болуп саналат жана сервер тараптан ишке ашырылат. Ал маалыматты бат издөөгө мүмкүнчүлүгүн берет. Каталог абдан көп бөлүмдөрдүн, бөлүмчөлөрдүн жана товарлардын көп тармактуу берилиштер структурасына ээ болгон учурда жана эгер колдонуучу кызыктырган товардын кайсы бөлүмдө жайгашканын же ал товар каталогто бар болуусун билищ үчүн издөө системасы эң керектүү аспап. Издөө система кээ бир учурда кызыктырган маалыматка жетүү үчүн каталогтун баракчалар арасындагы өтүү санын бир далай кыскартат.

Кутуча колдонуучу тараптан заказ кылынган товарларды сактоо кызматын кыла турган берилиштер массиви деп айтсак болот.

Каттоо формасы колдонуучулардын жеке маалыматтарын киргизүүгө колдонулат. Мындан ары ушул маалымат колдонуучуну интернет дүкөн менен иштөө сеанстардын арасында идентификациялаш үчүн колдонулат. Берилген маалымат сервер же клиент тарабынан сакталышы мүмкүн.

Заказ жөнөтүү формасы заказ берүүчүнүн катташуу маалыматын жана заказды уюмдун электрондук почтасына жөнөтүү үчүн колдонулат.

Колдонуучунун каттоосу заказ түзүүдө же болбосо интернет дүкөнгө кирүүдө ишке ашырылат. Товар тандалгандан кийин сатып алуучу тарабынан кайсы түрдө төлөм ишке ашыруу жана жекткирүү формасын толтуруу талап кылынат. Жеке маалыматты коргош үчүн өз ара аракеттешүү корголгон канал аркылуу жүзөгө ашырылышы зарыл. Заказдын калыптанышы жана каттоо аяктагандан кийин сатып алуучу жөнүндө чогулган баардык маалымат электрондук витринадан интернет дүкөндүн соода системасына өтөт. Соода системасында талап кылынган товардын складда бар болуусу текшерилет жана төлөм системасына суроо-талап демилгеленет. Эгер товар складда жок болсо камсыздоочуга суроо-талап жиберилет, сатып алуучуга болсо кечигүү билдирмеси жиберилет.

Эгерде төлөм товарды сатып алуучуга жеткирүү жолу менен ишке ашырылса, заказдын фактын далилдөө зарыл. Далилдөө көбүнчө электрондук почта же телефон аркылуу ишке ашырылат.

Эгерде интернет аркылуу төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар болсо, төлөм системасы кошулат. Онлайн төлөм жүргүзүлгөндөн кийин соода системасы жеткирүү кызматына заказды түзөт.

 

1.

1.1

Интернет аудитория

Негизги кардаарлардын көпчүлүгү – орто же жогору кирешеси болгон 25-40 жакштагы эркек кишилер.

Сатып алуучулардын бир нече тобу бар:

· 1 топ – китеп заказ кылуучу кардаарлар, биринчиден өзүнүн кесиптик иш-аракетине керек боло турган китептерди заказ кылышат.

· 2 топ – “кызыккандар”. Бул категорияга оюнчуктардын, китептердин, тасмалардын ж.б. коллекционерлери кирет. Бул кардаарлар өзүнүн кызыкчылыктарын канааттандырыш үчүн товарларды заказ кылышат.

· 3 топ – түрдүү товарларды заказ кылуучу кардаарлар. Мисал катары: кийимдер, сувенирлер, электроникалар, турмуш-тиричилик техникалар, күндөлүк турмуштун буюмдары. Ушул кишилер кызыктуу жана оригиналдуу модельдерди жөнөкөй дүкөндөргө салыштырмалуу арзан баага сатып алабыз деп эсептешет.

· 4 топ – “жаңылык сүйүүчүлөр”. Базарга чыга элек товарларгы ээ болуу калашат. Эреже катарында, алар колунда бар кишилер.

 

1.3 Интернет дүкөндүн функционалдык мүмкүнчүлүктөрү

Дүкөндү башкаруу каражаттары түрдүү маселелерди чечиши мүмкүн: жөнөкөй отчетторду түзүүдөн жана заказды көзөмөлдөөдөн баштап берилиштер базасын толук баалуу амал аткарууга чейин.

 

 

1.1-жадыбалы. Башкаруу интерфейсинин функионалдык мүмкүнчүлүктөрү

Функциялар Түшүндүрмө
  Функция Товарлардын жана тейлөөлөрдүн сунушталган ассортиментин сөз жүзүндө же/жана көрсөтмөлүү баяндоо.
  Товарларды башкаруу Дүкөндүн товарлары менен амалдар Web – серверден түздөн түз ишке ашыралат. Товарлардын жазылышы Web – баракчаларда түзүлөт, жаңыланат жана өчүрүлөт.
  Заказдарды көзөмөлдөө жана отчет түзүү Отчеттор берилиштер базасынын(MicroSoft Access ж.б.) форматында же болбосо талааларды үтүр аркылуу бөлүү менен ASCII – файл түрүндө генерацияланат.
  Бөлүмдөрдү башкаруу Бөлүмдөр боюнча товарлардын классификациялоо башкаруу каражаттары.
  Сатып алуучулардын маалыматын башкаруу Сатып алуучуоардны профильдүү маалыматын сактоо жана автоматтык түрдө тануу.
  Коопсуздук Коопсуздуктун жогорку деңгээли текшерилген жана керектүү ыйгарым укугуна ээ болгон колдонуучуларга башкаруу функцияларга кирүү гарантиялайт.
  Жарнама каражаттарын башкаруу Маркетинг адистериин сунуштоосу боюнча жарнама кампанияларын, сатып түгөтүү, горизонталдуу жана вертикалдуу байланыштарын башкаруу.

 

1.4 Интернет дүкөндү иштеп чыгуу процесстердин фазалары.

Интернет дүкөндү түзүп баштоодон мурун электрондук коммерцияны жакшылап түшүнүү зарыл. 1.1-сүрөттө сатып алуу процессинин схемасы көрсөтүлгөн. Төрт бурчтук блоктор кардаардын аракетин көрсөтөт, сүйрүсү болсо кардаардын тиешеси жок аракеттер көрсөтүлгөн. Баардык фазалар зарыл болуп эсептелбөөсүн эске алуу керек.

Маркетинг жана керектөөчүгө багыттоодо жаңылык деле жок. Эң негизги максат веб-сайтка мүмкүн болгон сатып алуучуларды тартуу. Эгер колдонуучуга сайтка кирүүдө көргөн нерселери жакса, ал айрым товарлардын маалыматын камтыган баракчаларын карай баштайт. Негизи колдонуучу биринчиден бөлүмдү тандайн, анан кийин ошол бөлүмдөгү товарларды. Убакыт өткөн сайын сатып алуучу сатып түгөтүү, жарнама кампаниялар, өз ара байланышкан жана өркүндөтүлгөн товарлар жөнүндө маалымат бюнча кызыга башташы мүмкүн.

Кийинки этапта сатып алуучу “кутучага” товарларды тандап алат. Кутуча заказга тиешелүү тандалган товарлардын саны, баасы, атрибуттары(өң, өлчөм) ж.б. маалыматарды камтыган кадимки тизмеси катары көрсөтүлөт.

Кардаарга кутучадагы баардык маалыматты толук тазалоого, айрым позицияларды гана өчүрүүгө же заказ болгон товарлардын санын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Сатып алуучу тандалган товараларга ээ болууга даяр болсо, төлөм фазасына өтөт. “Кардаар/бизнес” моделинде сатып алуучу жеткирүүгө даректүү маалыматтарын киргизет. Андан тышкары ушу фазада, кээ бир учурда жардамчы тейлөөгө(кооздоп жасоо) кошумча талаптар киргизилет.

Жеткирүү жана төлөө маалыматына ээ болгон коммерциялык сайттын эки маанилүү эсептөөгө мүмкүнчүлүгү болот: салык жана жеткирүү баасы. Эгер сатып алуучу жакын жерде жашаса, салыктар жөнөкөй мамлекеттик салык алууга гана барат. Кээ бир учурда сатып алуучунун почта индексини негизинде жергиликтүү(аймактык же шаардык) салыктын колдоосун эске алуу зарыл. Жеткирүүнүн баасы белгиленген чоңдукта болушу мүмкүн же ар бир сатып алынган айрым товар боюнча аралык тактоону киргизүү менен эсептелинет. Эгер сөз эл аралык заказдарды колдоо жөнүндө болсо кырдаал татаалдашат.

Арадагы жыйынтыкты, салыкты жана жеткирүүгө чыгашаны эсептеп бүткөндөн кийин сатып алуучуга төлөө эсебин сунуштаса болот. Төлөө көбүнчө кредит картанын жардамы менен ишке ашырылат. Кырдаалга жараша дагы эки: төлөм алма жана коштомо варианттары жеткиликтүү.

Кредит карталарын колдонууда текшерүү/төлөө автономиялуу же болбосо кошулуу түрүндө ишке ашырылышы мүмкүн. Онлайн түрүндө иштетилип чыгуу учурунда кредит картанын маалыматтары тармак боюнча корголгон түрүндө жиберилет жана кредит карта текшерүүнү өтүп же өтпөгөнүн көрсөткөн жооп кайтып келет.

Заказ жайгаштырылгандан кийин сатып алуучуга заказдын экран көчүрмө же тизме түрүндө электрондук почта аркылуу жиберилген отчет берилет, бирок башка варианттары дагы болушу мүмкүн. Ушу фазада кардаар соода алгоритминен чыгып сатуучуга “орун” берет.

Эгер кредит картанын маалыматтары автоматтык түрдө ишетилип чыкпаса, заказдын иштетилип чыгуусу финансылык транзакциядан башталат. Эреже боюнча, ушул фазада заказ почтадан же телефондон келген сыяктуу эле бизнес жүргүзүүн стандарттуу эрежелери иштейт. Интернет заказдын иштетилип чыгууну абалын кардаарга маалымдап турганы мүмкүндүк берет. Мисал катары, заказ толук иштетилип чыкканын, товарладын баары бар болуусун билдирүү мүмкүн. Ылайыктуу ыкмалар веб-түйүндө иштетилет.

Текшерилген заказ алынгандан кийин аны аткарыш керек. Ушу фаза көптөгөн кыйынчылыктарды алып келет.

Бир нече кампасы болгон чекене соодагерлердин борбордук сактагычтан тапшыруу көйгөлөрү чыгышы мүмкүн.

Эгер заказ атайын кызмат же уюм аркылуу аткарылса, кээде система менен интеграциялоо көйгөйүү келип чыгат. Бирок жадагалса уюм заказдарды өз алдынча ишке ашыра турган болсо, веб-сервер жана заказдарды аткаруу система арасындагы интеграциялоо көйгөйүү чыгып келиши мүмкүн.

Цикл товарды кардаарга жеткизүү менен бүтөт. Заказ иштетилип чыгуу фазасына окшоп, кардаар заказдын учурдагы абалын алышы мүмкүн. Алар транспорттук, почталык, коштомо кызматтардын номери.

Коммерциялык веб-сайттын иши колдонуучу менен өз ара аракеттешүү гана боюнча чектелбейт. Анысы менен бирге баардык дүкөн менен башкаруу өңүттөрүн эске алуу зарыл. Бакшаруу каражаттардын туура тандалышы, колдонуучунун интерфейсин түзүү каражаттарын тандагандай эле өтө маанилүү.

Колдонуулучу технологиялар

Долбоорлоо методун аныктоо

Азыркы учурда долбоорубузду жасоо үчүн көп аппараттык жана программдык аспаптар бар жана күн өткөн сайын алардын саны көбөйөт. Ошондуктан алардын эң ылайыктуу жана эң пайдалуусун тандоо үчүн биз терең анализ жана изилдөөнү өткөрүшүбүз керек. Канчалык тандап алган долбоорлоо методу туура болсо, ошончолук программабыз күтүлгөн деңгээлде иштейт жана баардык коюлган талаптарга жооп берет. Программабызга негизинен берилиштер базасы, бизди канааттандырган программалоо тили, биздин берилиштер базасын тейлеп турган операциондук система да керек.

Программалоо тилин тандоо

Программалоо тили компьютердик программалар колдонгон лексикалык, синтаксистик жана семантикалык эрежелердин жыйындысын аныктайт.

Ал программистке, компьютердин кайсы кубулушка кандай таасир бергенин, кантип сактоосун жана кантип өткөрүп берүүсүн так аныктап турат.

Программалоо тилдери эки класска бөлүнөт: компиляциялануучу жана интерпретациялануучу. Компилятор программаны көз ирмемде жана бүтүндөй машина тилине которот жана которуп жатып башка программаны пайда кылат. Ал эми интерпретатор машина тилине, иштеп жаткан учурда которот.

Программалоо тилдеринин төмөнкү класстарга бөлүп карасак болот.

· Функционалдык

· Императивдик

· Процедуралык

· Вектордук программалоо тилдери

· Аспектке багытталган программалоо тилдери

· Декларативдик

· Динамикалык программалоо тилдери

· Үйрөнүү үчүн программалоо тилдери

· Интерфейс түшүндүрмөлөрү үчүн

· Прототиптик

· Объектке багытталган

· Рефлексивдик

· Логикалык программалоо тилдери

· Параллель праграммалоо тилдери

· Сценарийлик жана скрипттик праграммалоо тилдери

· Эзотериялык

Азыркы учурда веб-программалоодо эң популярдуу тили PHP эсептелинет. Андан сырткары долбоор веб-сайт болгондуктан дипломдук ишимди PHP программалоо тилинде жазууну чечтим.

PHP

PHP (PHP: Hypertext Preprocessor) - «PHP: гипертекст препроцессору» - веб – тиркемелерди иштеп чыгуу үчүн интенсивдүү түрдө колдонулган жалпы колдонуучу скриптик программалоо тили. Азыркы учурда көбүнчө хостинг-провайдерлер тарабынан колдонулат жана динамикалык веб сайттарды программалоодо колдонулган тилдердин арасынан эң алдыңкылардан болуп эсептелет.

Бул программалоо тили энтузиасттар тобу тарабынан ачык код проекти катары өнүктүрүлүп келүүдө. Проект GNUGPL лицензиясы алдында эмес, өзүнүн лицензиясы менен таратылат.

Желе үчүн программалоо тармагында PHP – эң популярдуу программалоо тили (JSP, Perl, ASP.NET колдонгон тилдер менен бир катарда), өзүнүн жөнөкөйлүгү, иштөө ылдамдыгы, бай функционалдуулугу, кросплатформдуулугу жана PHP лицензиясынын негизинде булак коддорунун таратылышы менен айрымаланат.

Веб-сайттарды куруу тармагында популярдуулугу веб-тиркемелерди иштеп чыгуу үчүн көптөгөн даяр инструменттерди камтыганы менен түшүндүрсөк болот. Алардын негизгилери:

 

· Автоматтык түрдө GET, POST жана COOKIE параметрлерин, жана сервердик чөйрөнүн өзгөрмөлөрүн алдын ала белгилүү массивдерге өткөрүүсү.

· Файлдык функциялар локалдык режимде иштегени менен чектелбестен, алыскы файлдар менен да иштей алат.

· Автоматтык түрдө HTTP-баштарынын клиентке жиберилиши.

· Cookies жана сессия менен иштөө мүмкүнчүлүгү.

· Серверге жүктөлгөн файлдар менен иштөө.

· HTTP-баштары менен жана HTTP-авторизациясы менен иштөө мүмкүнчүлүгү.

· XForms менен иштөө мүмкүнчүлүгү.

· Алыскы файлдар жана сокеттер менен иштөө мүмкүнчүлүгү.

 

Азыркы учурда PHP жүз миңдеген программистер тарабынан колдонулууда. Издөө системаларына негизделген Tiobe рейтингине карата, 2009-жылы PHP программало тили популярдыгы боюнча 3 орунду ээлеген (Java жана Cи тилдеринен кийин). PHP колдонгон чоң сайттардын тизмесинде Facebook, Wikipedia, В контакте гиганттары кошулат.

Азыркы учурда PHP тилинин жалгыз бир гана реализациясы бар, бир дагы четтеги компания иштетилүүчү модульдарды кол кабыштабайт. Бул жагдай, бир тараптан жаңылыктарды бат киргизүүгө жана таратууга мүмкүнчүлүк тартуулайт, экинчиден стандартсыз түрдө программалоо тилин өнүктүрүүгө жол берет, анткени бирдиктүүү реализация муну өзү эле камсыз кылат. Жогорудагы шарттарда интерпретатордун версиясы чоң мааниге ээ болот, анткени ал программалоо чөйрөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн аныктайт.



Поделиться:


Последнее изменение этой страницы: 2017-02-10; просмотров: 238; Нарушение авторского права страницы; Мы поможем в написании вашей работы!

infopedia.su Все материалы представленные на сайте исключительно с целью ознакомления читателями и не преследуют коммерческих целей или нарушение авторских прав. Обратная связь - 216.73.217.110 (0.008 с.)